16-декабрда Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө салык рейди жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүндө мыйзамсыз алкоголдук продукция өндүрүлүп жаткандыгы аныкталган. Жыйынтыгында 435 даана алкоголдук ичимдиктин бөтөлкөсү жана ар түрдүү аталыштагы акциздик маркалар, 30 литр өлчөмүндө даяр продукция жана 40,5 литр спирт сыяктуу алкоголдук суюктуктар табылды. Мындан сырткары101 даана шектүү сапаттагы акциздик марка, 170 даана алкоголдук ичимдиктердин этикеткалары бар экендиги маалым болгон. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынан билдирди.