Израиль расмий түрдө Палестинаны мамлекет деп таануудан баш тартты

Израиль бийлиги Палестинанын мамлекеттүүлүгүн бир тараптуу таануудан расмий түрдө баш тартты. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху чечимди министрлер кабинетинин добушуна коюп, бир добуштан жактырылганын чет элдик басылмалар жазышты.

Резолюция Байдендин администрациясы Израиль менен Сауд Аравиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишимге ортомчулук кылууга аракет кылып жатканда кабыл алынды.

Ал арада Reuters агенттиги дипломаттарга таянып, БУУнун Коопсуздук Кеңеши шейшембиде Газадагы ок атышууну токтотуу резолюциясына добуш бериши мүмкүн экенин билдирди. Резолюцияны сунуштаган Алжир уюмдун 15 мүчөсүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалды тез арада токтотууну талап кылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан