Кытайда 74 жаштагы киши 20 жыл башына ийне сайылып жашап келген. Натыйжада ийне психикалык көйгөйлөргө себеп болгонун чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматтарга караганда, кытайлык киши эс тутуму начарлап кеткендиктен дарыгерлерге кайрылып, текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында бейтаптын мээсинин бир тамырына ийне тыгылып калганы белгилүү болгон.
Текшерүүлөрдөн кийин дарыгерлер тургундун башына операция жасоону чечишкен. Операция кыйын болгон. Анткени ийнеге жетүү үчүн баш сөөктүн бир бөлүгүн алып салуу керек болгон, андан кийин баштагы идиштен бөтөн бир эт алынып, кайрадан тигилген.
Дарыгерлер билдиргендей, тургун операциядан кийин бир нече убакыт жасалма дем алдыруучу аппаратта болгон жана акырындан калыбына келе баштаган. Бирок үч жума өткөндөн кийин ал өпкө инфекциясынан улам каза болгон.
Кишинин туугандары ал 20 жыл мурда шакыйдан кутулуу үчүн жасалган акупунктура (салттуу кытай медицинасынын негизги компоненти) операциясынан өткөнүн айтышкан.
Дарыгерлер ошол учурда ийне денеде калып, андан кийин мээге көчүп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдошкон.