Казанда жол кырсыгына себепкер болгон Кыргызстандын жараны соттолду

Казанда адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгынын себепкери Кыргызстандын жараны Улукбек Азимовдун иши боюнча соттук процесс жыйынтыкталды. Татарстан Республикасынын ИИМинин алдындагы башкы тергөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, ага Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жол эрежесин бузуунун натыйжасында эки же андан ашык адамдын өмүрүнө зыян келтирүү” беренесине  ылайык кылмыш иши козголгон.

Азимовдун катышуусундагы жол кырсыгы 2013-жылдын 1-апрелинде катталган. Автобус жүргүнчүлөрү жок келе жаткан. Рулду башкара албай  калган айдоочу жол жээгиндеги зым карагайды, андан кийин аялдамада турган адамдарды сүзгөн. Андан кийин унаа жүргөн бөлүккө өтүп, жеңил машине менен кагылышып кеткен. Натыйжада 3 адам каза болуп, 6 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. 

Айдоочу 2013-жылдын 3-апрелинде Привожск соту тарабынан баш коргоо чарасы менен камалган. Орусияда убактылуу жүрүү үчүн каттоодон өткөндүктөн, ага карата иштин мөөнөтү узартыла берген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө У.Азимовдун  А, В, С жана D категориясында айдоочулук күбөлүгү жана 30 жылдык тажрыйбасы бар экени такталган. 2011-жылы март айындагы жол кырсыгынан кийин 12 айга күбөлүгүнөн ажыратылганы белгилүү болгон. 

Мындан сырткары автобусту башкарып бара жатканда рулду башкаруу иштен чыкканы аныкталган. 

Казандын Ново-Савинск райондук соту Улукбек Азимовду 4 жыл эркинен жана 3 жыл айдоочулук укугунан ажыратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirbakg
2013-12-19 10:23:41
Мына шумдугун кургур Жакшы адвокат болсо акталып чыкмак ! Мас абалында эмес болсо же Уктап кетпесе , техникалык Себеп менен болуп жатат
+1
kgnur90
2013-12-19 10:44:30
avtobustun tormozu otkaz bergen bol4u.
+1
Beka_89_kg
2013-12-19 13:12:01
Бечара жок жерден камалып кетиптир,булда жокчулуктун айынан иштейим деп барганда(((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан