
23-25-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылат.
Ага ылайык, катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 килограмм;
- спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 килограмм.
Мелдеш жана салтанаттуу ачылыш аземи 23-февралда саат 10:00дө башталат.
Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпиондук Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана Самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.