Путин Ким Чен Ынга Орусияда жасалган унаа белек кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга Орусияда жасалган автоунаа белек кылды. Бул тууралуу ЦТАК агенттиги билдирди.

18-февралда Түндүк Корея башчысына тартууланган белекти Кореянын Эмгекчилер партиясынын Борбордук Комитетинин секретары Пак Чон Чхон жана Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чен кабыл алган.

Түндүк Корея лидеринин эжесинин айтымында, бул ишарат эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда түзүлгөн өзгөчө достук мамилелердин ачык-айкын көрсөткүчү.

Унаанын маркасы жана модели тууралуу маалымат айтылган жок.

Эске салсак, былтыр сентябрда Ким Чен Ындын Орусияга иш сапары маалында Путин ага Aurus унаасын көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан