
Жалал-Абадда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, 23-январда Жалал-Абад ШИИБге Сузак районунун тургуну А.П. арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Жалал-Абад шаарындагы "Мадумар-Ата" базарында капчыгы менен бирге жарандык паспортун, 4000 сом жана 3000 рубль акчасын уурдатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Сузак районунун 1991-жылы туулган И.Х. аттуу тургуну 16-февралда кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын издөөдө жүргөндүгү аныкталган.
Бүгүнкү күндө И.Х.нын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.