1990-жылы Германиянын футбол боюнча улуттук курама командасы менен дүйнөнүн чемпиону болгон футболчу Андреас Брехме 63 жашында каза болду. Бул тууралуу мюнхендик "Бавария" клубу кабарлады.
Футболчу эмне себептен каза болгону айтылган жок.
Брехме өз карьерасында Германиянын жана Италиянын эки жолку чемпиону, Германиянын Кубогун жана Суперкубогун, Италиянын Суперкубогун жана УЕФА Кубогун уткан.
Германиянын курама командасынын курамында Андреас Брехме финалда аргентиналыктарга каршы пенальтиден жеңиш голун киргизип (пенальтиден), 1990-жылы дүйнө чемпиону болгон.
Ал ошондой эле 1986-жылы дагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин жетип, анда Аргентинага утулуп калышкан.