Санкт-Петербург шаарында баланын көзүнчө эркек киши башына ок жеди. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Окуя Санкт-Петербургдагы Выборг шоссесинде болгон. Анда №662 мектептин жанынан Өзбекстандын 42 жаштагы жаранына белгисиз адам келип, аны башка атып, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Видеодон көрүнгөндөй, ал медициналык беткап кийип жүргөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ок жеген адам жергиликтүү адвокаттын айдоочусу болуп иштейт. Ал оор абалда ооруканага түштү. Тергөөчүлөр кылмышкер жабырлануучуну башка адам менен чаташтырган деген дагы версияны карап жатышат.
Бул боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча иш козголду.