"Миңдеген канаттуулар тоңуп...". Кытайда абанын температурасы -53 градуска чейин төмөндөдү

Кытайдын батыш провинцияларынын бири Синьцзянда абанын температурасы -52,3 градуска чейин кескин төмөндөп, канаттуулардын кырылышына алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, мындай катуу сууктун биринчи курмандыктары жаныбарлар болгон. Көлдөрдө миңдеген канаттуулар музга тоңуп, өлгөн.

Өлкөнүн Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча катуу суук өлкө ичинде жүрүүнү да кыйындатып, Шинжаң, Ляонин, Цзилинь жана Хэйлунцзян провинцияларында 43 жол тилкеси жабылды. Ал эми темир жана автожолдордо жүргүнчүлөр көпкө кармалууда.

Ал арада синоптиктер өлкө боюнча абанын температурасы бейшембиге, тактап айтканда 22-февралга чейин төмөн болорун эскертти. Кытайдын түндүк-чыгышында, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү борбордук Хубэй жана Хунань провинцияларында да суук аба ырайы күтүлөт.

Эске салсак, бул суук акыркы 64 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болду. 1960-жылдын 21-январында Фуюнь (Кёктокай) уездинде абанын температурасы -51,5 градуска чейин төмөндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан