УКМК Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын кызматкерлерин кармады

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана башка адамдар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда ЖКККББнын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызмат адамдары автоунааларга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын берүүдө жарандардан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталды.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан