Ош шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 07:18де Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 07:27де Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 07:53тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Өрт саат 08:17де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-февралда дагы Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен ири
өрт чыккан.