Elite House — динамикалуу өнүгүп, жогорку стандарттарды карманган Бишкектеги алдыңкы курулуш компанияларынын бири. Белгиленген мөөнөттө объекттерди тапшыруу компаниянын негизги максаты болуп саналат. Ошол эле учурда, техникалык мүнөздөмөлөргө өзгөчө көңүл бурулат: имараттар бардык курулуш ченемдерине жана эрежелерине, Мамлекеттик стандартка жана башка зарыл ченемдерге ылайык келет.
Жоопкерчиликтүү мамиле, курулуштун алдыңкы ыкмалары, жогорку сапаттагы материалдар, так эсептөөлөр жана адистердин макулдашылган иши – Elite House компаниясына өз убагында ишенимдүү, кооз объекттерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
— 10 жылдын ичинде Elite House Бишкекке 11 турак жай комплексин курду, азыр дагы алты объект курулуп жатат, - деди компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев. “Кабаттардын санына жараша үйдүн курулушу 2-3 жылга созулат. Биз өз ишибизде объектилердин сапатына, келечектеги жашоочулар үчүн ыңгайлуулугуна жана өз убагында даяр болуусуна басым жасайбыз. Elite House компаниясынын үлүшчүлөрү көптөн күткөн ачкычтарын өз убагында алышарын, ошондой эле жаңы турак-жайлары ойдогудай болот деп ишендирип кетсем болот.” – деп белгиледи.
Өзүнүн видеоролигинде компания курулуш ылдамдыгын ачык көрсөттү. Elite House компаниясынын курулуп жаткан турак жай комплекси эки жылдын ичинде канчалык өзгөргөнүн караңыз.
Elite House – 10 жылдык туруктуулук!