Ысык-Көлдө тоодо мал баккан жаран кокусунан өзүн атып алды. Ал жардам сурап чалганда байланыш үзүлгөн (окуянын чоо-жайы)

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кокусунан өзүн атып алган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү саат болжол менен 19:20 чамасында Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүкчөсүнө аймактык ооруканадан “Корумду” тоо тилкесинде октон жаракат алган жаран жардамга муктаж экендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, аларга уюлдук телефондон бир адам чалып, октон жарадар болгонун жана ээн жерде жалгыз калганын айтканда, аны менен телефон байланышы үзүлгөн.
Аталган билдирүү боюнча райондук милиция кызматкерлери “Айгай” белгиси менен көтөрүлүп, жардамга муктаж болгон жабырлануучуну табуу үчүн жерине уюшкан издөө топтору жөнөтүлгөн. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн күчтөрү жана медицина кызматкерлери да тартылган.
Дээрлик эки саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө Тоң РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери Акжол Самыйбек уулу менен Адилет Темирканов октон жараат алган адамды табууга жетишкен. Ал кан жоготуудан жана сууктан улам оор абалда жаткан Бөкөнбаев айылынын 45 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ошондой эле окуя болгон жерден 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал да табылып алынган.
Милиция кызматкерлери биринчи медициналык жардамды көрсөтүшүп, жарадар болгон адамды үч чакырымдай жерге өздөрүнүн үстүндө көтөрүп, "Тез жардам" унаасы өтө турган жолдун бөлүгүнө чейин жеткиришкен.
"Жолдо жарадар эсин жоготуп албасын деп, милиция кызматкерлери аны менен сүйлөшүп жатышты. Сүйлөшүү учурунда, жарадар адам бул аймакта топоз бакканын түшүндүрдү. Бул күнү да, ал мал багып, сырт өрөөнүндө болгон. Мал карап, басып баратканда, ал кардын үстүнөн тайгаланып кетип, оң бөйрөк тушуна мылтык менен ок атып алып, эсин жоготконун жана эсине келип, “112” кызматына чалып, болгон окуяны кабарлагандан кийин байланыш үзүлүп калганын билдирген", - деп билдиришти облустук милициядан.
Милиция кызматкерлери жаракат алган жаранды тез жардамдын автоунаасына жеткергенде, дарыгерлер квалификациялуу жардам көрсөтүп, райондук ооруканага жеткиришкен. Учурда жабырлануучунун ден соолугу туруктуу.
Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан