УКМК Жалал-Абадда "положенец", "смотрящий" жана мурдагы аткаминерди кармады

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн деген шек менен Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан акчалай компенсация алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайдын ичинде ээн-эркин жүрүп, камераларга кирип, соттолуучуларды сабап, ири суммадагы акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камактагылардын туугандарына жана тааныштарына телефон чалып,«MegaPay», «O!Money» жана «МБанк» электрондук капчыктарынын номерлерине акча которууну мажбурлашкан", - деп билдиришти УКМКдан.

2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жогорудагы схема боюнча Убактылуу кармоочу жайлардын туткундарынан 6 жарым миллион сом алып, кийин «жалпы фонд» деп аталган каражатка чегерилгени такталган.

Кечээ, 21-февралда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы С.у.Н., Ош шаарынын 25-СИЗОсунун "положенеци" А.Т. жана Жалал-Абад шаарынын “смотрящийи" болуп саналган М.М. аттуу уюшкан кылмыштуу схеманын уюштуруучулары - уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жогорудагы УКТ мүчөлөрүнүн курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарга телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт. Тел: УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы- (03722) 5-60-49

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан