Өлкө боюнча соңку суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 3 өрт катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.