Улуттук госпиталда кош бойлуу кызматкердин сабалышы: Шектүү кармалды

Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, атайын кызматка С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада С.А.нын башынын жумшак ткандары көгөрүп, "боюнан түшүү коркунучу бар" деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү Б.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан