Орусия президенти Владимир Путин допингге байланыштуу дисквалификацияланган муз тебүүчү Камила Валиеваны колдойт. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Матч ТВ" телеканалына билдирди.
"Президент албетте аны колдойт", - деген Песков.
Валиева кечээ, 21-февралда Казанда өткөн "Келечек оюндарынын" ачылыш аземинде Владимир Путиндин жанында отурган.
29-январда спорт Арбитраждык соту Камила Валиеваны төрт жылга спорттон дисквалификациялаган. Буга байланыштуу ал Пекин Олимпиадасынан уткан командалык эсептеги алтын медалынан ажыраган.