"Манас" аэропортунда унаанын багажынан табылган жансыз дене: Үчүнчү шектүү Орусиядан кармалды 

Оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдиргендей, 2019-жылдын 23-октябрында "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында автоунаанын жүк салуучу жайынан (багажник) дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси колу, буту байланган абалда табылган. Табылган жаран чоң суммадагы акча ташып иштегени аныкталган.
Бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1991-жылы туулган А.М. аныкталып, ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Шектүү мурда бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгону дагы аныкталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө А.М. Орусиянын аймагында кармалып, камакка алынган.
Учурда кармалган шектүүнү өлкөгө экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан