Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарды уюштурган жай аныкталып, 48 адам кармалып, суракка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз кумар оюндарды уюштуруп, ар кандай мамлекеттик мекемелерден имараттарды (кафе, оюн-зоок борборлору жана башка) ижарага алышкан.
Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О. да кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызмат кумарканаларды мыйзамсыз уюштургандар Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) ылайык үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылып, бардык мүлкү жана ортого коюлган акчалар мамлекетке алынарын эскертет.