Коңшу Кытайдын Гуанчжоу шаарында жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүзүп, кпүрөдөгү унаалар дарыяга кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бүгүн, 22-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:30 чамасында Гуанчжоунун Нанша районунда жүк ташуучу кеме автожол көпүрөсүн сүзгөн. Кагылышуунун кесепетинен көпүрөнүн бир бөлүгү урап, көпүрөдөгү унаалар сууга түшүп кеткен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары көпүрөнүн урашынан улам автобус дагы дарыяга кулаганын жазышууда. Ичинде айдоочу гана болгон, анын тагдыры белгисиз.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.