Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болууну токтотту. Бул тууралуу журналисттерге Армениянын премьер-министри Николь Пашинян билдирди.
Анын айтымында, ЖККУнун 2021-2022-жылдары Арменияга карата бир нече пункттары толук аткарылган эмес. Премьер-министр бул абалды "байкабай коюуга болбойт" деп баса белгиледи.
"Биз бул келишимге катышуубузду токтоттук. Эми мындан ары эмне болорун көрөбүз", - деди Пашинян.
Учурда ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Уюмдун негизги максаттары тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо, мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жамааттык негизде коргоо болуп саналат.