Беларуста депутаттарды шайлоо өнөктүгү өтүүдө

Бүгүн Беларуста бирдиктүү добуш берүү күнү. Анда өлкө жарандары Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасына – 110, жергиликтүү кеңештерге 12 514 депутатты шайлашат.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 294 чет элдик эл аралык байкоочуну, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүн аккредитациялаган.

Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы депутат Алишер Эрбаев өтүп жаткан шайлоого байкоо сала турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар тобунан координатор катары Минск шаарындагы шайлоо тилкелерине барып, байкоо салып жатканын кабарлады.

Андан соң Алишер Эрбаев ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобунун жыйынтыктоочу отурумуна, КМШнын байкоочулар миссиясынын Координаторлор кеңешинин жыйынына, ошондой эле Шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын соңку басма сөз жыйынына катышары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан