Александр Лукашенко кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коё турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын шайлоого келген Лукашенко журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берген. Андан кийинки мөөнөткө барар-барбасын сураганда бара турганын айткан.
Барам, барам, барам. Тигилерге (ред: оппозиция) да айтып койгула, мен бармын", - деген Лукашенко.
Белгилей кетсек, бүгүн Беларуста парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.
Видео: SPUTNIKBY
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан