"Ош базарда" 2 баштык аялдардын ич кийими уурдалган. Шектүү кармалды (видео)

"Ош базардан" 2 баштык ич кийим уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февралда Ленин РИИБге Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 11-февраль күнү белгисиз адам Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун ичинен 93 миң сомдук товарын уурдап кеткенин билдирген. Ал товар аялдардын ич кийими болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталууда.
26.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан