Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт кайсы өлкөгө таандык экени белгилүү болду

Дүйнөдөү эң күчтүү паспорт Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) таандык. Изилдөөнү Passport Index жүргүзүп, расмий сайтына жарыялады.

Рейтингге БУУга мүчө 193 өлкө, ошондой эле Ватикан жана өз паспорттору бар аймактар ​​(Тайвань, Макао, Гонконг, Косово жана Палестина) – бардыгы болуп 199 паспорт киргизилген.

Анда БАЭ биринчи орунду камсыздады. Бул өлкөнүн жарандары 179 өлкөгө визасыз паспорту менен эле кире алышат. Экинчи орунду Европанын беш өлкөсү, тагыраагы Франция, Германия, Италия, Нидерланды жана Испания ээледи (визасыз 177 өлкөгө кире алышат)

Үчүнчү орунда дагы беш өлкө 176 балл менен: Швеция, Финляндия, Люксембург, Австрия жана Швейцария ээледи.

Паспорттун күчү боюнча эң акыркы орундарды Сирия (93-орун), Ооганстан (92-орун) жана Ирак (91-орун) ээледи.

Ал эми Кыргызстан паспорттун күчү боюнча 199 өлкөнүн ичинен Өзбекстан менен чогуу 67-орунга жайгашты. Кыргызстандыктар 73 өлкөгө визасыз кире алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан