Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда УКМКдан билдирди.
Атайын кызмат билдиргендей, 20-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын аймагында мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн Whatsapp жана Telegram мессенджерлеринин чат администраторлору кармалган.
Аталган интернет чаттарына Instagram жана Tik Tok социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар жана 300-5000 долларга чейин интимдик кызмат көрсөткөн сулуулар сынагынын катышуучулары тартылган.
Кармалган администраторлор кыздарды Алматы, Дубай, Анкара жана Стамбул шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.
Шектүү катары А.О. жана Р.О. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары Бишкектеги отелдерде эскорт кызматкерлери Б.С., Ю.М. өздөрүнүн У.Ш. жана Ю.И. аттуу кардарлары менен кармалды.
Учурда мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.