
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары
Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот анын баш коргоо чарасын тандап, 29-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.
Буга чейин УКМК министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталып, Чаначев кармалганын
билдирген. Андан соң ал ээлеген кызматынан бошотулганы, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров кол койгону маалым
болгон.