Криштиану Роналду Сауд Арабияда жазаланышы мүмкүн

Сауд Арабиянын Футбол федерациясы Сауд Арабия Лигасынын 21-турунун оюнунан кийин "Аль-Шабабдын" күйөрмандарына адепсиз ишарат кылган "Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуга байланыштуу окуя боюнча иликтөө баштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Оюндан кийин стадиондогу күйөрмандар "Месси" деп кыйкырышкан. Ага Роналду колун жамбаш жерине бир нече жолу шилтеп жооп кайтарган. Бул үчүн ал күйөрмандардын сынына кабылды.

Бул Сауд Арабияда Роналдуга байланыштуу биринчи окуя эмес. Өткөн жылдын апрель айында ал "Аль-Хиляль" командасына 0:2 эсебинде утулгандан кийин чечинүүчү жайга бара жатып да уятсыз ишаратты жасаган.

Криштиану Роналду Сауд Арабияда жазаланышы мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан