Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Ош облусунунун аймагында каттоодо турган атуулдардын куралдарын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришкен.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматтардын негизинде мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок дарылар табылган. Табылган куралдарга экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126 миң сом айып салынган.
"3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды", - деп айтылат маалыматта.