
Бишкекте жүзүн тануу системасы камтылган видеобайкоо аркылуу издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-февралда ИИМдин ыкчам башкаруу борборуна туташтырылган видеокамералардын жардамы менен И.Ж. аттуу жаран кармалган.
"Ал кылмыш иши боюнча сотко келбей качып кеткендиги үчүн Ысык-Ата райондук соту тарабынын камакка алуу чарасы тандалып, издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.