
Лейлекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБине Раззаков шаарынын 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 20-февраль күнү базардагы чайканалардын биринде бейтааныш болгон жаран эч бир себепсиз аны уруп, колундагы Xiaomi Redmi кол телефонун тартып алгандыгын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
22-23-февраль күндөрү жүргүзүлүп жаткан "Арсенал" иш-чарасынын негизинде Раззаков шаарынын 32 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.