Ысык-Көлдө тоого лыжа тебүүгө чыккан 23 туристти кар көчкү басып калып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.
Кырсык 25-февраль күнү болгон. Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шахты-Жыргалаң айылында 4 жаран кар көчкү алдында калып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Такталгандай, 23-февралда Чехиянын 23 жараны тоодо лыжа тебүү үчүн Ак-Суудагы мейманкага барып жайгашышкан. 25-февралда саат 09:00дө тоого чыгышкан. Тоодон түшүп келе жатышканда кар көчкү жүрүп, баарын басып калган. Алар кар көчкүдөн бирин-бирин чыгарышкан, тилекке каршы 4 адам каза болгон.
Каза болгондордун жансыз денелери Ысык-Көл облустук өлүкканасына жөнөтүлгөн.