"Чет өлкөгө барып эс алып келебиз". Айпери Кулбаева 37 жашка толду 

Бүгүн, 27-февралда туулган күнүн белгилегендердин катарында ырчы Айпери Кулбаева да бар. SUPER.KG порталы ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда маанайы эң сонун экенин айтты.

"Бүгүнкү маанайым эң сонун. Бул жолку туулган күнүмдө досторумду чакырып тосолу десек, колубузда кичинекей балабыз бар. Жолдошум быйыл үй-бүлөлүк туулган күн кылалы, жакшы ресторанга алып барып келейин дейт.

Жолдошум туулган күнүмдө жакшы белектерди берип келет, бул жолкусунда чет өлкөгө жолдомо берет экен. Үй-бүлөбүз менен чогуу барып эс алып келебиз деп ойлоп жатам. Бирок кайсы жакка бара турганыбызды айткан жок. Ал эми балдарым былтыр атайын акча чогултуп, мага акча беришкен. Белектен мурун мен үчүн эң негизгиси амандыгыбыз - чоң белек", - дейт ырчы.

Ошондой эле Айпери Кулбаева ар бир туулган күнүндө өзүнө белек тартуулай турганын кошумчалады.

"Мурда ар бир туулган күнүмдө өзүмө белек тартуулайт элем. Бир жолку туулган күнүмдө алтын шакек алсам, бир жолкусунда унаа алгам, дагы бирөөсүндө үй баштагам", - дейт ал.

Айпери Кулбаева 1987-жылдын дал ушул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган.

ОшМУнун искусство факультетин аяктаган. 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон.

2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмүр" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-прини жеңип алган.

2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан