Өзбекстанда индия дарыларын ичкен 68 баланын өлүмү боюнча өкүм чыкты

Коңшу Өзбекстанда сот "Doc-1 Max" дарысына байланыштуу резонанстуу кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучуларга өкүм чыгарды. Мындай маалыматты коңшу өлкөнүн Жогорку Соту жарыялады.

Сотто 23 адам (18 эркек жана 5 аял) айыпталуучу болду.

"Сот аларды 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды", - деп билдирди Өзбекстандын Жогорку Соту.

Ошентип Өзбекстанга сироп импорттоочу индиялык «Quramax Medical» компаниясынын директору Рагвендра Праттар 20 жылга эркинен ажыратылса, республикадагы фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Сардор Кариев 18 жылга, анын эки орун басары 16 жылга кесилди.

Алар 12 берене боюнча, анын ичинде кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу, ага шериктеш болуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле пара берүү жана алуу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Эске салсак, Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын дарысын ичкен 65 бала каза болгонун Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

2022-жылдын сентябрь-декабрь айларында Өзбекстанда 19 өлүм катталып, ага Индиянын Marion Biotech фармацевтикалык компаниясы чыгарган Doc-1 Max препаратын колдонуу себеп болгон.

Алардын баары алты жашка чыга элек балдар экени аныкталган. 7-январда жогорудагы сиропту ичкен дагы бир бала каза болгону белгилүү болгон. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө таратылган сироптун партиясынан этиленгликоль табылган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, аталган дарыны Өзбекстанга каттоого, аны алып келүүгө жана сатууга тиешеси бар бир нече адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан