Легендарлуу футболчу Дани Алвести зордуктоо жаңжалынан кийин "Барселона" дагы жазалады

"Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жарым жылга эркинен ажыратылган футболчу Дани Алвес "Барселона" клубунун легендарлуу футболчусу наамынан ажырады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, клуб бул чечимге этияттык менен мамиле жасап, соттун чечимин акырына чейин күтүшкөн. Качан гана футболчу күнөөлүү деп табылгандан кийин клуб футболчуну аталган наамдан ажыраткан.

Бул статуска каталондук клуб 1899-жылдын 29-ноябрында негизделгенден бери ойногон 102 футболчу ээ. Тизмеге акыркылардан болуп Жорди Альба, Серхио Бускетс жана Жерар Пике кошулган. Дани Алвес 408 беттеши үчүн "Барселонанын" легендасы статусун алган.

Эске салсак, январда Дани Алвес Барселонадагы "Саттон" түнкү клубунда 23 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган. Февраль айында сот аны күнөөлүү деп таап, 4 жарым жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан