УКМК "Элиталык сойкулардын башчысы" деп кармаган кызга сот өкүмү чыкты

Кыргызстанда элиталык интимдик кызмат көрсөткөн интернет-группалардын администратору болгон жаран күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту И.К.Д.ны 26-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүндө (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салган. Анын баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына алмаштырылды.

13-февралда УКМК жогорку кызмат адамдарына интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет группасы аныкталып, анын администратору кармалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан