Бүгүн, 27-февралда Бишкекте чоңдор арасында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан бильярд боюнча таймаштын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.
“Өлкөнүн президентинин жана министрлер кабинетинин атынан бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бильярд боюнча атамекендик чемпиондорубуздун сиңирген эмгегинин аркасында биз кыргыз жеринде ушундай деңгээлдеги турнирди өткөрүү сыймыгына ээ болдук. Мелдешке дүйнөнүн алдыңкы спортчулары катышууда. Кыргызстанга кош келиңиздер", - деди Эдил Байсалов.
Мындан тышкары ал республиканын жылдын төрт мезгили ичинде спорттун бардык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө даярдыгын белгиледи.
Мелдешке дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 145 (128 эркек жана 17 кыз-келин) спортчу катышууда. Ал эми ата мекендик 24 спортчу катышып жатат, анын ичинде бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков дагы бар.
Дүйнө чемпионаты ушул жылдын 2-мартына чейин уланат.