Дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыздын буюмдары Чоң Чүй каналынын жээгинен табылды

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Асел Жанарбек кызын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кыздын жакындары арыз менен кайрылып, ал Кант шаарындагы үйүнөн 15-февралга караган түнү саат 1:30дар чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен дайынсыз жоголгон Асел Жанарбек кызынын күрмөсү, бут кийими жана уюлдук телефону табылган. Анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Учурда милиция кызматкерлери менен куткаруучулар издөө иштерин улантышууда, туугандарынын бардык версиялары текшерилүүдө. Кызды издөө иштери Чоң Чүй каналында дагы жүргүзүлүп жатат.

"Дайынсыз жоголгон кызды издөө иштери Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө", - деп кошумчалашты облустук милициядан.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Асел Жанарбек кызын көргөн-билгендерди же ал тууралуу маалыматы бар адамдарды 0312 61-69-07, 03132 5-21-47 (нөөмөт бөлүмү), 0700 06-78-63, 0709 50-29-55 (издөө бөлүмү) телефондоруна чалып, кабар берип коюуну өтүнөт. Кыздын бою 150-155 сантиметр, арыкчырай, чачы күрөң түстө. Ал ак-кара түстөгү күрмө, кара шым кийип жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан