Кечээ, 18-декабрда Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Америка борбору таланттарды издейт” (“AС’s got talant”) аттуу конкурстун биринчи туру өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда, Америка борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таймашта 17 улан-кыз бий, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо жана актёр чеберчилик боюнча өз таланттарын көрсөтүштү. Катышуучулардын өнөрлөрүн “Манас” аэропортунун транзиттик жүк ташуучу борборунун үч ишмери баалашты.
Калыстардын чечими менен финалдык турга 10 катышуучу өттү. Финал 2014-жылдын 2-январында өтөт. "Катышуучуларга баалуу белектер берилет. Ал эми таймаштын жеңүүчүсү өзгөчө сыйлыкка ээ болот”,- деп билдирди аталган борбордун координатору Айгерим Курманалиева.