Өзбекстанда ата-энелерге балдарын сабап тарбиялоого тыюу салынды

Коңшу Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары ата-энелерди балдарын физикалык ыкмалар менен жазалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу 27-февралда Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

"Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Ошондой эле ата-энелерге балдарын тарбиялоо процессинде физикалык жаза колдонууга тыюу салынат", - деп жазды басма сөз кызматы.

Бул мыйзам ата-энелерден тышкары билим берүү мекемелерине да тиешелүү. Эми зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн коргоо ордери чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан