Коңшу Казакстандын Кызылорда облусунун Бесарык айылында канаттуулар фабрикасынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Фабрикада 4000 бөдөнө болгон. Алардын бардыгы өрттөнүп кетти. Өрт бүгүн, 28-февраль күнү саат 06:12де толук өчүрүлгөн.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себеби азырынча тактала электигин билдирди.