Париж шаарынын мэриясынын кызматкеринен Париж Олимпиадасынын коопсуздук пландары камтылган ноутбук жана флешкалар уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жашыруун маалыматтын уурдалганы Париж мэриясынын кызматкери полицияга арыз жазгандан кийин белгилүү болгон. Анда кызматкер ноутбук жана флешкалар салынган сумкасын уурдап кеткенин билдирген. Уурулук Парижден Крейлге поезд менен баратканда болгон.
Чиновник ошондой эле анын компьютериндеги маалыматтар кеңири жайылтууга болбой турганын белгилеген. Полиция арызды кабыл алып, иликтөө иштерин баштады.
Эске сала кетсек, Олимпиаданын ачылыш аземи 2024-жылдын 26-июлунда Сена дарыясында өтөт. Салтанатта коопсуздукту камсыздоо үчүн 40 миң укук коргоо кызматкери тартылат. Мелдеш 11-августка чейин уланат.