"Кунг-фу Панда 4": Мультфильмдин жаңы бөлүгү жөнүндө эмнелер белгилүү?

Баарыбыз сүйүп, ар бир чыгарылышын чыдамсыздык менен күтүп көргөн "Кунг-Фу Панда" тасмасынын 4-бөлүгү ушул жылдын март айында жарыкка чыгып, дүйнө жүзүндөгү кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

SUPER.KG медиа порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында дал ушул тасма тууралуу кызыктуу маалыматтарды бир макалага топтоону туура көрдүк.

Тасманын режиссёрлору: Майк Митчелл жана Стефани Ма Стейн.

Ал эми аталган тасманын үнүн коштогон башкы каармандары: Джек Блэк, Дастин Хоффман, Джеймс Хонг, Брайан Крэнстон жана Иен Макшейн. Мындан тышкары аларга Авквафина, Виола Дэвис жана Ке Хуй Куан аттуу каармандар да кошулду.

Эң кызыктуусу, тасмада "Мистер Пинг" аттуу каармандын үнүн коштогон Джейс Хонг 95 жашта.

Сюжет боюнча, бул жолу Пандада жаңы милдет турат. Ал руханий лидер болуу.

Аталган тасманын буга чейинки бөлүктөрүндө Анжелина Жоли, Жеки Чан, Люси Лью сыяктуу белгилүү инсандар үн коштогон.

"Кунг-Фу Панда" тасмасынын тарыхы. Жаратуучулары кимдер?

Тасма антропоморфтук жаныбарлар жашаган байыркы Кытайдын версиясында чагылдырылган жана кунг-фу сүйүүчүлөрүнүн бири По аттуу чоң пандага арналган. Тай Лунг аттуу атактуу ак илбирстин Чор-Гом түрмөсүнөн качкандан соң По "Ажыдаар жоокери" деп аталып калган.

Тасманы тартуу боюнча иш 2004-жылдын октябрында башталып, долбоор 2005-жылдын сентябрында расмий жарыяланган. Тасманы DreamWorks Animation компаниясынын жетекчиси Майкл Лаченс алгач согуш искусствосу боюнча фильмдерге пародия катары ойлоп тапкан.

Бирок режиссёр Стивенсон анын ордуна башкы каармандын сапарынын баяндоочу архетипин камтыган комедия жанрындагы тасма тартууну чечкен. Мында компьютердик анимация болгондуктан DreamWorks үчүн татаалыраак болду десек да болот. Көпчүлүк DreamWorks анимациялык тасмаларындагыдай эле, сценарийин Ханс Циммер жазган.

Мультфильм 2008-жылы 6-июнда АКШда жарык көргөн. "Кунг-фу Панда 2" 2011-жылы, ал эми үчүнчү бөлүгү 2016-жылы чыккан. Тасма анимациясы, жетилген темалары, юморлору, кытай чөйрөсүнө жана каада-салттарына берилгендиги, музыкасы, мушташуу көрүнүштөрү жана сценарийи үчүн оң баага ээ болгон.

Аталган тасма эң алгач канча киреше алып келген?

Тасма эң алгач эле 4114 кинотеатрда көрсөтүлүп, прокатка чыккан күнү 20,3 миллион доллар, ал эми дем алыш күндөрү 60,2 миллион доллар киреше таап, прокаттан топтогон каражат боюнча биринчи орунду ээлеген. Бул DreamWorks'тун уландысы эмес эң чоң ачылышы болуп калды.

Көрсөтүүнүн аягында мультфильм 631,7 миллион доллар киреше алып, DreamWorks'тун төртүнчү тасмасынан тышкары, 2008-жылдын эң көп кирешелүү үчүнчү тасмасы жана дүйнө жүзү боюнча жылдын эң көп кирешелүү анимациялык тасмасы болду. "Шрек" франшизасынан кийин АКШ менен Канаданын кассаларында эң көп кирешени дем алыш күндөрү табышкан.

Көрсөтүлгөн номинациялары...

"Кунг-фу панда" мультфильми "Мыкты мультфильм" номинациясында "Оскар" сыйлыгына жана "Эң мыкты анимациялык мультфильм" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок эки сыйлык тең Пиксардын "Валл-И" аттуу тасмасына ыйгарылган. Мультфильм муну менен эле токтоп калбастан "Энни" сыйлыгынын 16 номинациясына көрсөтүлүп, анын 11ин жалпы сыйлыктардын саны боюнча жеңип, негизги атаандашы болгон "Валл-И" мультфильмин артта калтырган.

"Кунг-фу Панда" мультфильминин 4-бөлүгүнүн тизери чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан