СССРдин мурдагы премьер-министри Николай Рыжков 95 жашында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко телеграм каналына жазды.
"Өзүнүн басып өткөн жолунун бардык этаптарында – заводдон баштап, Мамлекеттик пландоо комитетине жана СССР Министрлер советинин жетекчилигине чейин жеткен, ал эмгек адамы болчу. Албетте, тарыхта татыктуу орду бар. Биз бири-бирибизди көптөн бери билебиз, Федерация Кеңешинде көптөн бери чогуу иштегенбиз", - деп жазды ал.
Анын өлүмүнүн себеби так айтылган жок.
Советтик жана орусиялык мамлекеттик жана саясий ишмер Николай Рыжков 1929-жылы 28-сентябрда Украина ССРинин Артемовский районундагы Дылеевка айылында туулган. Ал 1985-жылдан 1991-жылдын 14-январына чейин СССР Министрлер советинин төрагасы болгон.
Рыжков 1990-жылдын мартында СССРдин биринчи жана жалгыз президентин шайлоого катышышы керек болчу. Бирок, эл депутаттарынын III съездинде Рыжков жана дагы бир талапкер Вадим Бакатин өз талапкерлигин алып салышкан.