Бишкекте 27-февралда бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков биринчи оюндарын жеңиш менен баштады. Ызытбек Ратбеков болсо Азербайжан жана казакстандык спортчуларды жеңип 1/32 финалга чыкты.
"Ал эми ата мекендик 3 спортчу Зайлан Адамов, Азирет Таштанбеков жана Алмаз Ысабеков 2 жолу жеңилүү ызасын тартып, медаль үчүн күрөштү уланта албай калды", - деп билдиришти Дене тарбия жана спорт департаментинен.
Эскерте кетсек, бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп, таймашка 18 өлкөдөн келген 145 (128 эркек жана 17 кыз-келин) спортчу катышууда. Анын ичинде ата мекендик 24 спортчу дагы бар.
Оюндар "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Жарым финалдык жана финалдык беттешүүлөр 1-2-март күндөрү болот.