Түштүк Кореянын калкы эки эсе кыскарышы мүмкүн

Түштүк Корея дүйнөдөгү эң төмөн төрөлүү көрсөткүчүнө ээ болууда жана бул көрсөткүч жылдан жылга рекорд жаңылап жатат. Бул тууралуу BBC жазды.

Шаршемби күнү жарыяланган маалыматтар төрөттүн көрсөткүчү 2023-жылы дагы 8 пайыз төмөндөп, 0,72 баллга жеткенин көрсөткөн. Туруктуу калктын санын сактоо үчүн бул көрсөткүч 2,1 балл болушу керек. Бирок азыркы тенденциялар улана берсе, Кореянын калкы 2100-жылга чейин эки эсеге азаят деп болжолдонууда.

Салыштыруу үчүн, 2022-жылы бул коэффициент 0,78, 2021-жылы - 0,81, 2020-жылы - 0,84 болгон. Бул өлкөнүн азыркы 51 миллион калкын сактап калуу үчүн керек болгон орточо 2,1 баллдан алда канча төмөн.

Кошумчалай кетсек, түштүк кореялык аялдын биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы 33,6 жашты түзөт. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

2006-жылдан бери өлкө өкмөтү аз төрөт маселесин чечүү үчүн 270 миллиард долларга жакын каражат бөлгөн, бирок бул жыйынтык бере элек. Өкмөт колдоо үчүн жубайларга акчалай сыйлык, балдарды багуу кызматтары жана тукумсуздукту дарылоону каржылоо кылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан