Экс-депутат Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, коомчулукта ага карата болуп жаткан суроолорго жооп берди.
Ал Кемпир-Абад боюнча козголгон кылмыш ишине тергөө жүрүп жатканын айтып, үй камагына чыгышына жүрөк оорусу себеп болгонун билдирген.
Ал эми бийлик тарабынан ага эч кандай кысым болбогонун айтты.
"Бизди макта, бирөөнү жаманда деген талап болгон жок. Мен эч ким менен соодалашып, эч кимди сатып же бирөөгө залал келтирип кеткен жокмун", - деген ал.
Мындан тышкары Нарматова убагында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон учурлары болгонун, 2020-жылы бийликке келгенде командага кошулууга чакыруулар болгонун дагы жашырган эмес.
Ошондой эле ал бийликтин учурдагы жүргүзүп жаткан иштеринде жакшы кадамдар болуп жатканын белгилеп, бирок айрым адилетсиз камоолорго каршы экенин айткан.
Эске салсак, Орозайым Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген. 2022-жылы 20-январда Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому мыйзамсыз деген негиз менен БШК анын мандатын жокко чыгарган.