Москвада мигранттар 17 жаштагы жигитти зордуктап салышты

Москванын четинде 17 жаштагы баланы зордуктоого шектелген эки мигрант кармалды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, мигранттар таанышуу сайты аркылуу кыздын атынан 17 жаштагы жигитке жолугушуу уюштурганы аныкталган. Жигит жолугушууга келгенде мигранттар аны башка уруп, токойго алып барышкан. Алар жигитти алгач тономок болушкан. Бирок жабырлануучунун жанында 100 рубль гана болгондуктан алар жигитти зордуктап, баарын видеого тартып алышкан.

Полиция бул кылмышка шектүү катары мурда уурулук боюнча соттолгон 23 жаштагы Тажикстандын жараны Абдусалим Махмудов жана анын 19 жаштагы мекендеши Баракатулло Ахроровду кармады.

Бул факты боюнча "Жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча иш козголду. Кылмышкерлер алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан