Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта өтөт

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, анын сөөгү Москва шаарындагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Эскерте кетсек, 47 жаштагы Навальный 16-февралда Ямало-Ненецк автономиялык округундагы колонияда каза болгон. 24-февралда сөөгү апасы Людмила Навальнаяга берилген.

Саясатчы түрмөдө 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал 9 жылга эркинен ажыратылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан